Нурсултан Назарбаев Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКазакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, алдын ала маалымат боюнча 24 кишини басып калган.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев КР президенти Алмазбек Атамбаевге Өзгөндөгү адам өмүрүн алган жер көчкүгө байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу КР өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Сход оползня в селе Аюу в Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Айыл өкмөтү: таңда көчкү катары менен эки ирет жүрүптүр... Эки күн мурда эскерттик эле
Назарбаев Ош облусунда болгон каргашаны терең кайгыруу менен кабыл алганы телеграммада жазылат. Ошондой эле ал казак элинин жана өзүнүн атынан каза болгондордун жакындарына көңүл айткан.

Белгилей кетсек, 29-апрелде эртең менен саат 6:40тар чамасында Өзгөн районун Зергер айыл аймагындагы Аюу айылында жер көчкү жүрүп, алдын ала маалымат боюнча 24 кишини басып калган. Акыркы маалыматтар боюнча издеп куткаруу иштерине 400дөй киши жана атайын эки техника тартылган. Бүгүн кеч кирип кеткенине байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган. Ал эртең саат таңкы 5:00дөр чамасында башталат.

Адистердин айтымында, Аюу айылына түшкөн жер көчкөнүн көлөмү 200 миң кубометр.

Кырсык болгон жайда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0