Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаан учурнда көчөдө бараткан аял. Архив
Жаан учурнда көчөдө бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Жекшемби күнү мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаай турганын Кыргызгидрометтен билдирди.

Сход оползня в селе Аюу в Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Айыл өкмөтү: таңда көчкү катары менен эки ирет жүрүптүр... Эки күн мурда эскерттик эле
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Күндүз Чүй, Талас өрөөндөрүндө +11…+14 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарыеда +10…+15 градус, Ысык-Көл облусунда болсо +7…+12 градус, Нарында +5…+10 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ошто шаарларында күндүн табы 12…15 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0