Баткенде тамчылатып сугаруу боюнча алты курулуш колдонууга берилди

© Sputnik / Мирбек СакеновБаткен облусунун алты айылында тамчылатып сугаруу системасы колдоонуга берилди
Баткен облусунун алты айылында тамчылатып сугаруу системасы колдоонуга берилди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тамчылатып сугарыла баштаган жерге алма, шабдалы, өрүк жана алчанын 350гө жакын көчөтү отургузулган.

БАТКЕН, 29-апр. — Sputnik. Баткен облусунун алты айылында тамчылатып сугаруу системасы колдоонуга берилди. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун Баткен облусундагы жетекчиси Матраим Жусупов билдирди.

Маалыматка ылайык, бир жума ичинде Баткен менен Лейлек районундагы алты айылда тамчылатып сугарууга ылайыкташтырылган атайын объектилер курулган. Анда БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү курулуш материалдарды сатып берип, элеттиктер курулуш иштерин өздөрү жүргүзүшкөн.

"Насос менен арыктан суу алынып суу кампасы толтурулат, анын ар бирине 14 тонна суу батат. Азыр дыйкандар жарымын эле колдонуп жаткандыктан дагы пайдаланылбай жаткан аянттарды өздөштүрүшөт. Азыр алтоо курулду, бирөөнө эле эки миң доллардай каражат кетти", — деди Жусупов.

Анын аркасында Миң-Өрүк, Көк-Таш, Самаркандек, Кулунду, Арка жана Кара-Бак айылдарынын суу жетпеген алты гектар кайрак жерине алма, шабдалы, өрүк жана алчанын көчөттөрү тигилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0