Аюу-Сайга ӨКМ жардам жөнөтүп, Жалал-Абаддан куткаруучулар Өзгөнгө чыгып кетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРСход оползня в селе Аюу в Узгенского района
Сход оползня в селе Аюу в Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад облусунан 2-издөө куткаруу отрядынан 32 куткаруучу Өзгөнгө чыгып кетти.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Өзгөндүн Аюу-Сай йылына — беш киши бата турган 30 чатыр, 30 даана тазалык каражаттары жана 30 даана ашкана буюмдары КамАЗ унаасына ӨКМ тарабынан жүктөлүп жөнөтүлүүдө. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

"Издөө иштерине ӨКМдин Өзгөн райондук өрткө каршы күрөшүү кызматынан 5 куткаруучу, ӨКМдин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 64 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 20 жаран тартылып, издөө иштери уланууда", — деп билдирди маалымат кызматы.

Последствия схода оползня в селе Аюу в Узгенского района - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: Өзгөндөгү жер көчкүнүн алдында балдар да болушу мүмкүн
Булардан сырткары Жалал-Абад облусунан 2-издөө куткаруу отрядынан 32 куткаруучу чыкты деп кошумчалашты ӨКМден.

Эске сала кетсек, 29-апрелде таңкы саат 06:40та көлөмү 1 миллион кубометр болгон жер көчкү жүрүп, он бир турак жайды жашоочулары менен басып калган.  

Кырсык болгон жайда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынын окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0