Бишкектик студенттер өз бизнесине каржылоо утуп алышты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЖелек көтөргөн балдар. Архив
Желек көтөргөн балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынакка Кыргызстан боюнча 20 окуу жайдан 60тан ашык студент катышкан.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кечээ Кыргызстандын ЖОЖдорунун студенттеринин арасында бизнес-долбоорлор боюнча сынак болуп, анда бишкектик студенттер өз ишкерликтерине каржылоо утуп алганын "Жаратман-Инновация" коомдук фондунун төрагасы Расул Түлеев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Аталган сынакты студенттердин социалдык активдүүлүүлүгүн жана илимий потенциалын жогорулатуу максатында, аталган фонд жана Кыргызстан экономикалык университети биргеликте уюштурган.

"Каржылоону жеңип алган биринчи топ "Манас" окуу жайынын студенттери. Алар фермерлерге аарысы менен бал челектерди ижарага берүүнү көздөшөт. Экинчи долбоор Бишкек финансылык экономикалык академиясынын студенттерине тиешелүү. Алар түнкүсүн күйүп турчу боек менен тротуар кырларын, фасаддарды боеону максат кылган. Долбоорлордун ар бири 150 миң сомдон каржыланды", — деди Түлеев.

Маалыматка караганда, сынакка Кыргызстан боюнча 20 окуу жайдан 60тан ашык студент катышкан.

Эки долбоор тең жай айларынан тарта ишке кирээри күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0