Белгилүү хирург Эрнст Акрамов жүрөгү кармап ооруканага жаткырылды

© Фото / Александр ФедоровВыдающийся хирург, Герой Кыргызстана Эрнст Акрамов
Выдающийся хирург, Герой Кыргызстана Эрнст Акрамов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлардын билдиришинче жакын арада белгилүү хирургга жакында операция жасаларын жазышууда.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. 27-апрелдин түнүндө белгилүү хирург Эрнст Акрамов жүрөгү кармап ооруканага жаткырылганын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова Facebook баракчасына жазды.

Ортопед Жумабеков сөөгүн өстүргөн Темирбек: бутумду кестирип салсамбы деп да ойлогом - Sputnik Кыргызстан
Ортопед Жумабеков сөөгүн өстүргөн Темирбек: бутумду кестирип салсамбы деп да ойлогом
Маалыматка ылайык, Акрамов жеке клиникалардын бирине алып келинген. Ал жактан ага медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда өзүнө келген. Анын ден соолугун сурап саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев барган.

Баялинова ошондой эле хирургга операция жасалышы керектигин кошумчалаган.

80 жаштагы Эрнст Акрамов медицина илимдеринин доктору, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, СССРдин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 2009-жылы Кыргызстандын баатыры наамын алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0