15:19 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Белгилүү хирург Эрнст Акрамовдун архивдик сүрөтү

Белгилүү хирург Эрнст Акрамов жүрөгү кармап ооруканага жаткырылды

© Фото / Александр Федоров
Коом
Кыскача шилтеме алуу
58122

Айрым ЖМКлардын билдиришинче жакын арада белгилүү хирургга жакында операция жасаларын жазышууда.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. 27-апрелдин түнүндө белгилүү хирург Эрнст Акрамов жүрөгү кармап ооруканага жаткырылганын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова Facebook баракчасына жазды.

Маалыматка ылайык, Акрамов жеке клиникалардын бирине алып келинген. Ал жактан ага медициналык жардам көрсөтүлүп, учурда өзүнө келген. Анын ден соолугун сурап саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев барган.

Баялинова ошондой эле хирургга операция жасалышы керектигин кошумчалаган.

80 жаштагы Эрнст Акрамов медицина илимдеринин доктору, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, СССРдин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. 2009-жылы Кыргызстандын баатыры наамын алган.

Тема боюнча

Хирург Акрамовго арналган тасмага эми франциялыктар да күбө болот
Даңазалуу хирург Эрнст Акрамов 80 жылдыгын иш үстүндө тосту
Белгилер:
инфаркт, медицина, Эрнст Акрамов

ЭҢ МААНИЛҮҮ