Бишкекте "Боронбай бий жана жети аке феномени" чечмеленет

© Sputnik / Иван Шагин / Медиабанкка өтүүКниги XVII века в музее прикладного искусства и быта
Книги XVII века в музее прикладного искусства и быта - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чарага мамлекеттик, коомдук ишмерлер жана студенттер катышат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада "Боронбай бий жана жети аке феномени" аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү жана илимий-практикалык конференция өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган китепканадан билдиришти.

Салбурун улуттук оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бардыгы туристтер үчүн. Майда Ысык-Көлдө көргөзмө ачылат
Маалыматка ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 28-апрель күнү саат 11:00дө болот.

Көргөзмөнү Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканасы жана "Боронбай бий жана жети аке" коому уюштурууда.

Иш-чарага мамлекеттик, коомдук, маданий ишмерлер, студенттер, ЖМК өкүлдөрү катышат.

Боронбай Меңмурат уулу 1789-жылы төрөлүп, Бугу уруусунун манабы болгон. Ал эми Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Тилекмат аке, Садыр аке, Карач аке, Кыдыр аке элге кадыры сиңген, акыл-насааты менен калк оозуна алынган инсандар болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0