Туура эмес жерге токтотулган унаалар эки күндөн кийин эвакуациялана баштайт

© Sputnik / Алимджан ВалиевПерекрытие автомобилем перекрестка улиц Абдрахманова и Боконбаева
Перекрытие автомобилем перекрестка улиц Абдрахманова и Боконбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолдон алынган автоунаалар атайын акы төлөнүүчү короого коюлат. Анын алгачкы үч сааты бекер болот.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. 29-апрелден тарта туура эмес жерге токтотулган унаалар эвакуациялана баштайт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Мажбур түрдө автоунааларды жолдон алуу боюнча токтомго апрель айынын башында кол коюлган. Ага ылайык, эвакуациядан тышкары, унаа токтотуу эрежесин бузгандардын машинасынын дөңгөлөгүнө кыймылды чектөөчү атайын жабдуулар тагылат. Коюлган чектөөнү өз алдынча алууга аракет кылган айдоочулар жоопкерчиликке тартылат.

Жолдон алынган автоунаалар атайын акы төлөнүүчү короого коюлат. Анын алгачкы үч сааты бекер болот. Эвакуацияланган машиналар тууралуу маалыматты 102 номери аркылуу билсе болот.

Туура эмес жерге токтотулган автоунааларга кандай айып салынарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0