Дубайда кыргызстандыктын документин колдонгон РФ жараны соттолуп жатат

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз республикасынын жаранынын паспорту. Архив
Кыргыз республикасынын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыпталуучу үстүбүздөгү жылдын март айында Дубай полициясы тарабынан кармалган.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинде мыйзамсыз жашап жүргөн деп айыпталып Дубайда 32 жаштагы россиялык жаран соттолуп жатат. Бул туурасында эмирликтин The National басылмасы жазды.

Манас аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" аба бекетинен жасалма документ менен израилдик аял кармалды
Маалыматка караганда, ал үстүбүздөгү жылдын март айында Дубай шаарында кармалган. Полиция кызматкерлерине өздүгүн далилдеген документтин көрсөткөндө өзүнүкү эмес болуп чыгып, ал документ жети ай мурда Дубайдан допортацияланган Кыргызстандын жаранына таандык экени аныкталган.

Ошондой эле анын Дубайда 2004-жылдан бери мыйзамсыз жашап жүргөнү белгилүү болгон.

Мындан улам ага карата өзү тууралуу жалган маалымат алып жүргөн жана башка адамдын документтин колдонгон деп айып тагылган. Билдирүүдө кармалган жаран сотто өз күнөсүн мойнуна алганы жана ага 14-майда өкүм чыгары айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0