Жээнбеков: эң көп каражат жолдорду оңдоого жумшалып жатат

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчынын айтымында, 2016-жылы Кыргызстандагы жолдорду оңдоого 4,9 миллиард сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Эң көп каражат өлкөнүн жолдоруна жумшалат. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков парламентте депутаттарга отчет берип жатып билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2016-жылы Кыргызстандагы жолдорду оңдоого 4,9 миллиард сом бөлүнгөн.

"Ушунча тамтыгы чыккан жолдорду оңдоого убакыт керек. Колдон келишинче иштеп жатабыз. Эң көп каражат өлкөнүн жолдоруна кетүүдө", — деди Жээнбеков.

Өкмөт башчы быйыл да жолдорго көп каражат каралгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0