Санкт-Петербургдагы ооруканага түшкөн кыргыз баланын абалы оор

© Sputnik / Кирилл Шипицин / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтаптар. Архив
Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарда жигит Санкт-Петербург шаарынын Дунай проспектисиндеги курулуштардын биринде асылып калган тейде табылганы айтылат.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Санкт-Петербург шаарындагы ооруканалардын биринде асынып калып түшкөн 22 жаштагы баланын учурда абалы оор. Бул туурасында Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашты.

Артты карап турган аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вагондо жашаган келин же Кыргызстанга, же Өзбекстанга чыга албай ара жолдо калды
26-апрелде элчиликтин кызматкерлери ооруканага барып, анын абалы менен таанышып, дарыгерлер менен сүйлөшкөн.

Маалыматтарда жигит Санкт-Петербург шаарынын Дунай проспектисиндеги курулуштардын биринде асылып калган тейде табылганы айтылат. Дарыгерлер анын абалы оор экенин жана жасалма дем алдырган аппаратка туташтырылганын айтышкан.

"Ооруканага келген туугандарынын айтымында, окуя үй-бүлөлүк чырдан улам чыккан", — деп билдиришти элчиликтен.

Өкүлчүлүктүн кызматкерлери баланын туугандары менен байланышта болуп, маселени көзөмөлгө алганын айтышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0