Жыл башынан бери машруткалардын кырсыкташынан 66 киши жабыркаган

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуСтолкновение микроавтобуса с легковой машиной на улице Байтик баатыра в Бишкеке
Столкновение микроавтобуса с легковой машиной на улице Байтик баатыра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардыктар негизинен айдоочулардын оройлугуна, маршрутканын ичинин таза эместигине жана автоунаанын техникалык абалынын начардыгына көп даттанышат.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жыл башынан бери Бишкек шаарында маршрутка кабылган жол кырсыгынан 66 киши түрдүү жаракаттарды алган. Бул тууралуу ШИИБ Кайгуул милициясынын жол коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчи орун басары Турусбек Абдыжапаров Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда болгон жыйында билдирди. 

© Sputnik / Максат ЭлебесовШИИБ Кайгуул милициясынын жол коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчи орун басары Турусбек Абдыжапаров Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда
Пресс-конференция Общественный транспорт — культура вождения и наказание за ДТП - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ Кайгуул милициясынын жол коопсуздугу бөлүмүнүн жетекчи орун басары Турусбек Абдыжапаров Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда

Анын айтымында, 2017-жылы Бишкек шаарында маршруттук такси, троллейбус катышкан 45 жол кырсыгы катталган.

"Шаардагы жүргүнчү ташыган транспорттун абалы абдан начар. Жыл башынан бери жүргүнчү ташыган бусиктер катышкан 45 жол кырсыгы катталып, андан 66 киши түрдүү жаракаттарды алган. Айрым айдоочулар 5-6 жолу жол эрежесин бузушкан. Аларга карата катуу чаралар көрүлөт", — Абдыжапаров.

Президент Кыргызстана Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев адам өмүрүн алган жол кырсыктары боюнча үн катты
Мэриянын маалымат кызматы билдиргендей, жүргүнчүлөрдүн көбү бусиктердин айдоочулары жолдо жүрүү эрежесин бузганына, оройлугуна, машина айдап баратып чылым чеккенине, маршрутканын кирдигине арызданышкан.

Муниципалитетке жыл жаңыргандан бери мындай өңүттөгү 170 кайрылуу келип түшкөн.

Текшерүү учурунда 193 микроавтобус санитардык жана техникалык абалы талапка жооп бербегендиктен каттамдан четтетилген.

Калаадагы жол кырсыгы көп катталган көчөлөрдү, борбордо кайсы жол кырсыгынын түрү көп болуп жатканын жана алар кайсы маалга туш келерин Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0