Атамбаев туристтик сезонго даярданууну тапшырды

Жазылуу
Президент Атамбаев транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов менен Ысык-Көл облусунун башчысы Узарбек Жылкыбаевди кабыл алды.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев жарандардын жана коноктордун коопсуз эс алуусун ар тараптан камсыздоо үчүн алдыдагы туристтик сезонго зарыл чараларды көрүүнү тапшырды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Пирс на пляже озера Иссык-Куль. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан өзүнүн туристтик деңгээлин Казакстанда көрсөттү
Ага ылайык, 25-апрелде Атамбаев Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда транспорт министри Жамшитбек Калилов менен Ысык-Көл облусунун жетекчиси Узарбек Жылкыбаевди кабыл алган.

Мамлекет башчынын айтымында, даярдалып жаткан иш-чаралар менен белгиленген долбоорлорду сапаттуу ишке ашыруу аркылуу туристтик агымды арттырып жана облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чечүүгө шарт түзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0