"Демир Банк" Visa картасынан акчанын уурдалышы боюнча расмий түшүндүрмө берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовДемир Банктын картасы жана акча. Архив
Демир Банктын картасы жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган банктын бир нече кардары алардын Visa картасынан башка бирөөлөр акча уурдаганын кабарлашкан.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. "Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" жабык акционердик коому Sputnik Кыргызстан агенттигине банктык карталардан уурдалган каражат боюнча маселеге түшүндүрмө берди.

Буга чейин аталган банктын бир нече кардары алардын Visa картасынан башка бирөөлөр акча уурдаганын кабарлашкан. 

Төмөндө финансылык мекеме жөнөткөн жооптун толук тексти келтирилди.

"Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖЧКсы эл аралык VISA төлөм системасынын алгачкы мүчөсү болуп, процессинг борборуна ээлик кылат. Буга байланыштуу банк кардарларды аталган системага кошуп, кызмат көрсөтөт. Мындай иштер Улуттук банк тарабынан берилген лицензиянын негизинде ишке ашырылып келет.

VISA с 1 октября перестает гарантировать внутрироссийские операции - Sputnik Кыргызстан
Банктык Visa картасынан акча уурдаткандар. Жоопкерчилик албаган банк
Эл аралык VISA төлөм системасы бардык катышуучуларга тиешелүү бирдиктүү эрежелерди иштеп чыккан. Ал эрежелер Кыргызстандын аймагында катталган жана чет элдик банктарга дагы тиешелүү.

Аталган системанын эрежелерине ылайык, бардык мүчө болгон тараптар магниттик же чип менен корголгон банктык карталарды чыгара алат. Ал эми Кыргызстандын мыйзамдары банктын тандоосуна чектөө койгон эмес.

Белгилей кетчү жагдай, интернет төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн банктык картанын номерин билүү гана жетиштүү. Буга картанын магниттик же чиптик экени таасир этпейт.

Мындан улам банктын эрежеси боюнча каражат уурдалбашы үчүн банктык картаны үчүнчү адамдардын колуна карматууга тыюу салынат. Эгер карта үчүнчү адамдардын колуна түшүп калса, банк ал үчүн жоопкерчилик ала албайт. Мындай учурда кардар банк менен байланышып, картага блок коюу керектигин эскертүүсү керек.

Карта уурдалганда, жоголгондо кардар жардам сурап кайрылуусу үчүн атайын кызматкерлердин штаты түзүлгөн. Алар 24 саат бою кардарлардын кызматында.

Мындан тышкары, банктык картадагы номерлердин башка адамдардын колуна түшүп калуу мүмкүндүгүн (айрыкча чет өлкөдө жасалган соода учурунда) эске алуу менен кардарлардын каражатынын коопсуздугу үчүн СМС системасы ишке кирген. Тагыраагы, банктык операция жасалгандан кийин кардардын уюлдук аппаратына каражат чыгаргандыгы тууралуу СМС билдирүү келип түшөт. Мындай кызмат бекер көрсөтүлөт.

Ал эми Харсанова Х. аттуу кардарга ар кайсы талаштуу кырдаалда смс билдирме жөнөтүлүп турган. Бирок кардар тарабынан банкка кайрылуу келип түшкөн эмес. Буга карабастан банктын кызматкерлери кардар менен өздөрү байланышып, жүргүзүлгөн интернет-төлөмдөр тууралуу маалымат берген. Ушуга байланыштуу андан дагы көп сумманын жоголушуна бөгөт коюлган. Тагыраагы, банк өз тарабынан кардардын каражатын сактап калуу үчүн бардык аракетин жумшады.

Белгилей кетчү жагдай, жогоруда жасалган аракеттер өлкөнүн мыйзамы менен бекемделген эмес. Банк кардарларынын эсебиндеги каражаттарды сактоо үчүн кошумча коргоо системасын өз алдынча киргизип жатат.

Банковские карты международных платежных систем VISA и MasterCard - Sputnik Кыргызстан
Банктык карталарды колдонуучулар үчүн 7 кеңеш
Учурда банк кардарлардын интернет төлөмдөрүн коопсуздандыруу максатында кошумча 3D-secure системасын ишке киргизди. Аталган коргоо системасы кардар интернет аркылуу төлөм жасаганда анын уюлдук аппаратына бир жолку колдонулчу пароль жөнөтөт. Интернет төлөмдү ишке ашыруу үчүн ошол сыр сандарды жазуу керек болот. Кардарлар сайттардын коргоо системасына дагы көңүл буруусу зарыл.

Ошондой эле учурда банк магниттик карталарды чип менен корголгон карталарга бекер алмаштырып, алдамчылар байырлаган кооптуу өлкөлөрдө жүргөн кардардын картасына автоматтык түрдө айрым чектөөлөрдү киргизет. Чип менен корголгон банктык карталардын маалыматтары бекем сакталган, аны чечмелөө кыйынга турат.

"Демир Кыргыз Интернэшнл Банк" ЖЧКсы e-mail аркылуу дагы каражат чыгарылгандыгы тууралуу кардарларга маалымат жиберип турат (кызмат бекер).

Белгилей кетсек, кардарлар үчүнчү тараптардын курмандыгы болбошу үчүн банкка жумушчу уюлдук номерлери менен электрондук почталарын берүүлөрү керек. Мындан тышкары, картаны башка адамдарга карматпаш керек, айрыкча ПОС-терминалдардан төлөм жүргүзүү сунушталбайт (ири дүкөндөр менен ресторандардан дагы). Себеби интернет төлөм жүргүзүү үчүн ПИН-код талап кылынбайт. Буга картанын сыртындагы номерди билүү жетиштүү.

P.S. Банктын расмий жообу орус тилинде болгондуктан, текст редакция тарабынан кыргызчаланды. Банктын расмий тилде жазылган жообу менен да таанышсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0