Авиакырсыктан жетим калган балдарга КР чемпионунун фанаттары акча которду

© AP Photo / Vladimir VoroninДача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери
Дача айылындагы авиакырсыктын кесепеттери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Которулган каражатты балдар өспүрүм курактан өткөндөн кийин колдоно алышат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Кыргызстанда төрөлүп, учурда Америкада жашаган спортчу Валерий Федоренко Дача айылындагы авиакырсыктан улам жетим калган балдардын эсебине 300 миң сом которду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине балдар хосписинин жетекчиси Динара Аляева билдирди.

Аталган каражат краудфандинг www.gofundme.com платформасы аркылуу Федоренконун фанаттары тарабынан чогултулган.

Крушение самолета Boeing-747 в Дача-СУ - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт авиакырсыктан жабыркагандарга каражат кандай бөлүштүрүлөрүн билдирди
Султан менен Жакшылыктын чоң аталарына 97 миң сомдон берилди. Которулган каражатты балдар өспүрүм курактан өткөндөн кийин колдоно алышат. Ушундай эле сумма энесинен айрылган Мирландын эсебине которулган.

Валерий Федоренко 1993-жылы оордук көтөрүү боюнча дүйнөнүн чемпиону аталган.

Белгилей кетсек, 16-январда эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Кырсыктын чоо-жайын КМШнын мамлекеттер аралык авиациялык комитети иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0