Бишкектик тургун "Что? Где? Когда?" программасынан 80 миң рубль утуп алды

© Sputnik / Табылды КадырбековЧто? Где? Когда? - Четвертая игра весенней серии. Выпуск от 23.04.2017. Фото с официального Youtube канала АО "Первый канал"
Что? Где? Когда? - Четвертая игра весенней серии. Выпуск от 23.04.2017. Фото с официального Youtube канала АО Первый канал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин тургуну программанын катышуучуларына испан жазуучусунун айткандарын сураган.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкекте системалык администратор болуп иштеген Рысбек Курманов интеллектуалдардын "Что? Где? Когда?" акыл сынагына катышып, 80 миң рубль утуп алды.

Жазгы сериянын төртүнчү оюнун Россиянын Биринчи каналы Youtube сайтына жарыялады.

Бишкек шаарынын тургуну оюндун катышуучуларына (видеодон 43 мүнөт 30 секундда көрсөңүз болот — ред.) мындай суроо берген: "О ком испанский писатель Рамон Гомес де ла Серна сказал "Она похожа на мечущуюся в поисках сердца стрелу".

Эсеп чыгарып жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Акылдуу балдар: 6 айында тамга тааныган Раим, 11 секундда кубик чогулткан Чыңгыз
Варианттарынын арасында чымын, компастын жебеси, кардиограмма, помада деген жооптор болгон. Катышуучулардын бири Алена Повышева берилген убакыт аяктагандан кийин акыркы жоопту — аябай берилип бийлеген аял деп туура эмес жооп берген.

Программанын алып баруучусу туура жооп — чабалекей экенин айткан. Бишкек шаарынын тургуну берген суроосу үчүн 80 миң рубль алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0