Ош шаарында таза суу эки күнгө өчүрүлөт

Жазылуу
Суу менен камсыз кылуу 25-апрель күнү 00:00дө токтотулуп, кайра 27-апрелде түнкү саат 00.00дө берилет.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ош шаарында таза суу эки күнгө өчүрүлөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысына Шаардык суу канал ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, таза суу 25-апрелде саат 00.00дө өчүрүлүп, 27-апрелдин түнү (саат 00.00дө) берилет.

Таза суу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу үзгүлтүккө учурайт. Ал эми шаардын Манас-Ата жана Туран аймактык кеңештеринде суу берүү токтотулбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0