Lexus жолдун каршы тилкесине чыгып тыгын жаратты. Күбөнүн видеосу

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБишкекте Lexus үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, тыгын жаратты
Бишкекте Lexus үлгүсүндөгү унаа жолдун каршы тилкесине чыгып, тыгын жаратты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол эрежесин бузуу фактысы Ахунбаев менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Бишкекте Lexus үлгүсүндөгү жол тандабас жолдун каршы тилкеси менен кетип баратканын күбө WhatsApp-каналы аркылуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кабарлады.

Анын айтымында, мындай көрүнүш Ахунбаев менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Ал ошондой эле өз жолу менен келе жаткан мотоциклчен жаран унааны аз жерден коюп кете жаздаганын маалымдады.

Кыргызстанда жолдун каршы тилкесине чыккан айдоочуларга мыйзам боюнча эки миң сом айып пул салынат.

Эгер кандайдыр бир окуяга күбө болуп калсаңыздар аны биздин WhatsApp номери +996 706 566 544 аркылуу салсаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0