Фрилансерлердин көкөйүнө көк таштай тийген 6 учур

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Компьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фрилансер деген кесип учурда мода болуп жатканы менен тарыхы орто кылымга барып такалат. Ал убакта аталган термин жалданма жоокерлерге карата колдонулган. Учурда көпчүлүк фрилансерлердин жумушу жакшы деп ойлошот. Себеби өзүңө-өзүң жетекчи болуп, сааттап кеңседе отурбайсың.

Фрилансер — эркин жумушчу. Башкаларга окшоп кеңседе отуруп, белгиленген убакыт ичинде иштебейт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет фрилансерлердин жинин кашайткан учурларды тизмектеп көрдү.

Кеңседе иштегендердин орунсуз тамашалары

Свадебная пара в парке в Праге - Sputnik Кыргызстан
Фотографтын жанын кашайткан 7 учур
Алар жумуштан башкасынын баарына убакыт табышат. Түшкү тамагын ким жегендигин иликтеп, кантип эс алгандарын баяндап бүтүшпөйт. Ушулар иш убактысын туура пайдаланбай эле акча ала беришеби?

"О, Шерлоктун жаңы сериясы" — ух, ушу азгырык тасмалар

Артыңдан көзөмөлдөп турган эч ким жок болгондуктан, жалкоолук көп эле жолу кармап калат. Шерлоктун жаңы сериясы чыгып, достор туулган күнгө чакырганда кантип баш тартасың? Анан түнкү саат бешке чейин долбоордун үстүндө иштеп отурмай.

Буюрутма берген тараптын жооп жазбай туруп алганы кашайтат!

Кеңседе иштегендер жумушун дароо жетекчисине жөнөтүп, жооп алса. Биз айрым учурда атайын иш дайындаган адам менен байланыша албай убара болобуз. Апталап жооп күткөн учурларыбыз болот. Бул учурда мессенжерлер да алсыз болуп калат.

Мен бекерчи эмесмин!

Фитнес клубда машыгып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Фитнес машыктыруучунун кыжырын кайнаткан беш адат
Бир эле учурда 3-4 долбоор менен иштеп, күнүнө 12 саат маңдай тер төгүүгө туура келет. Эс алуу деген жок. Анан досторум "сен бекерчисиң да, эмне эле чарчадым деп жатасың", — дегенде жаның кашаят. Өзгөчө ата-энең "туруктуу жумуш таппайсыңбы" деп урушканда кирерге жер таппай каласың. Таң эрте турбай калсам эле бекерчи болуп каламбы?

Иш убактыбыз 24/7

Ооба, көбүнчө буюрутма бергендер жума күнү түнкү 11де чалышып, ишемби күнү отчет бересиң дешет. Эмне? Мындан башка ылайыктуу убакыт жокпу?

Эмнеге бизге акчаны конвертке салып бербейт?

Фрилансерлер акчаны колго алышпайт. Көбүнчө банк аркылуу которушат. Биз деле конверт менен алсак болбойбу? Биздин банктарга качан барба дайыма аягы бүтпөгөн кезек.

Жаңылыктар түрмөгү
0