Баткен облусу боюнча 87 айыл таза сууга муктаж

© Фото / Улан МаккамбаевПроблема с питьевой водой в Баткене
Проблема с питьевой водой в Баткене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маселени чечүү үчүн Ислам өнүктүрүү банкынан 25 миллион доллар алуу каралууда.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Баткен облусу боюнча 87 айыл таза сууга муктаж. Бул тууралуу "Республика — Ата-Журт" фракциясынын аталган облусундагы көчмө жыйын учурунда Мамлекеттик курулуш агенттигинин алдындагы калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев билдирди.

Жыйын учурунда тургундар таза суу көйгөйүн көтүрүп, маселе бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатканына нааразы болушту.

"Учурда таза сууга муктаж болгон айылдар аныкталып, алардын маселесин чечүү үчүн Ислам өнүктүрүү банкы 25 миллион доллар бермей болду. Буюрса, долбоорду ЖКга алып чыгабыз", — деди Токтошев.

Ал таза суу жетпей жаткан айылдардын 53ү чек арага жакын жайгашканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0