АКШда каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине алып келүүгө ТИМ жардам берет

© AP Photo / Rich PedroncelliФлаг США
Флаг США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
33 жаштагы кыргызстандык бейшемби күнү Бруклиндеги өзү жашаган үйдө көз жумган. Учурда Америкада жашаган кыргызстандыктар сөөктү мекенине жиберүү үчүн каражат чогултуп жатышат.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. АКШда каза болгон кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүүгө КРдин Тышкы иштер министрлиги жардам берет. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Страны мира. Южная Корея - Sputnik Кыргызстан
Түштүк Кореядагы кыргыздар: биз жакта абал тынч, мурдагыдай эле иштеп жүрөбүз
33 жаштагы жаран Бруклиндеги (Нью-Йорк шаары) батиринде көз жумган.

Мындай окуяга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Бирок акыркы күндөрү жаран жүрөгү ооруп жатканын айтып келген. АКШда жашаган мекендештер анын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн каражат топтоп жатышат. Жума күнү керек болгон 6000 доллардын 1200ү чогулганы белгилүү болгон. 

Кыргызстандын АКШдагы элчилиги маркумдун туугандары менен байланышта болуп турат. Жакын арада өлүмдүн себеби аныкталары менен, өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилип, сөөктү Кыргызстанга жиберүү боюнча тиешелүү чаралар көрүлө баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0