Бишкектеги №25 мектепти оңдоо үчүн 96 млн. сомдук тендер жарыяланды

Жазылуу
Тендер 21-апрелде жарыяланып, мөөнөтү 12-майда аяктайт.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясынын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы №25 мектепке оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, борбор калаанын Гагарин көчөсүндө жайгашкан мектепти оңдотууга башкармалык 96 миллион 500 миң сом сарптоого даяр.

Тендер 21-апрелде жарыяланып, мөөнөтү 12-майда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0