05:42 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
СК РФ установил личность предполагаемого смертника в Петербурге

Терактыга шектелген Акбаржон Жалиловдун Россия жарандыгы жокко чыгарылды

© Sputnik
Коом
Кыскача шилтеме алуу
65401

Жалиловдун атасы жарандык сураган кайрылуусунда аялы жана баласы бар экендигин жашырып койгону аныкталды.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Россия ИИМи "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда болгон терактыга шектелип жаткан Акбаржон Жалиловдун Россия жарандыгын жокко чыгаргандыгы тууралуу маалыматты жарыялады. 

"Жалилов А.К. (Ред.: Акбаржон Жалиловдун атасы) жарандык сураган кайрылуусунда аялы жана баласы бар экендигин жашырып койгон. Буга байланыштуу ага берилген Россия жарандыгы кайра кайтарылып алынды. Акбаржондун атасына жарандык 2009-жылдын 18-июнунда Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча федералдык миграция кызматы тарабынан берилген», — деп айтылат маалыматта. 

Мындай жагдайдан улам Акбаржон Жалиловдун дагы Россия жарандыгы алынганы айтылган. 

Белгилей кетсек, 3-апрелде "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метро станцияларынын ортосунда жардыруу болгон. Акыркы маалыматтарга ылайык, 15 киши каза болуп, элүүдөй киши түрдүү жаракаттарды алган. Бул фактынын негизинде Россиянын Тергөө комитети теракт боюнча кылмыш ишин козгоду. Жардыруу жасады деп Россиянын 22 жаштагы тургуну шектелип, анын Кыргызстандын Ош облусунда төрөлгөнүн УКМК ырастаган.

Тема боюнча

Ишенбейм! Петербургдагы терактыга шектелген бир туугандардын энеси үн катты
Аброр Азимовдун үй-бүлөсү журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартууда
Белгилер:
жарандык, Акбаржон Жалилов, Россия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ