08:31 23 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Ичимдик кармап турган айдоочу. Архив

Кайгуул милициясы: окуучуларды койдуруп кетүүгө шектелген айдоочу мас абалда болгон

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (393)
158514

29 жаштагы айдоочу, спирт ичимдигин балдарды кагып алгандан кийин ичкендигин айтууда.

БИШКЕК, 21-апр. – Sputnik. Экспертиза көрсөткөндөй окуучуларды койдуруп кетүүгө шектелген айдоочу учурда мас абалда экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине Бишкек шаарынын Кайгуул милициясынан билдиришти.

Подозреваемый в наезде на третьеклассников в Бишкеке
© Фото / пресс-служба УМП ГУВД Бишкека
Балдарды койдурду деп шектелген айдоочу

Бүгүн Бакаев менен Ремесленная көчөлөрүнүн кесилишинен Mercedes-Benz С-class үлгүсүндөгү унаа №74 мектептин 3-классынын эки окуучусун койдуруп, кырсык болгон жерден качып кеткен.

Айдоочу жети сааттан кийин табылды. 

"Экспертиза көрсөткөндөй учурда айдоочу мас абалда. Өзү болсо балдарды койдуруп алгандан кийин ичкенин айтып жатат. Кармаган маалда ал унаанын ичинде отурган", — деп айтылат билдирүүдө. 

Эске салсак, окуучуларды кагып кетти деп шектелип, 29 жаштагы шаар тургуну кармалган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, кырсыкка кабылган он жаштагы баланын башы, ички органдары жаракат алып, сол ийини сынган. Ал эми экинчи өспүрүмдүн башы жана ички органдарынан сырткары, эки тизеси, омурткасынын жогору жагы сынып кеткен. 

Тема:
Кыргызстанда 2017-жылдын башынан берки жол кырсыктары (393)

Тема боюнча

Милиция: бүгүн чак түштө эки окуучуну койдуруп кетти делген айдоочу кармалды
Бишкекте эки окуучуну койдуруп кеткен айдоочу качып кетти
Белгилер:
шектүү, ичимдик, экспертиза, жол кырсыгы, Кайгуул милициясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ