Бүгүнтөн тарта радиациялык фону жогору япон унаалары тазалана баштайт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүРазгрузка и радиационный контроль грузов из Японии в порту Владивостока
Разгрузка и радиационный контроль грузов из Японии в порту Владивостока - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажы кызматы автоунаа ээлерин "Аламүдүн — 1" темир жол станциясына, Мамлекеттик бажы кызматына же "Түндүк" темир жол транспорт мекемесине тез арада кайрылууну өтүнөт.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Мамлекеттик бажы кызматы бүгүндөн тартып радиациялык фону жогору автоунаалар дезактивациялоодон өтөрүн маалымадады.

Ведомствонун маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган иш-чара өкмөттүн Япониядан Кыргызстанга алып келинген радиациялык фону жогору автотранспорт каражаттарын дезактивациялоодон өткөрүү боюнча токтомун ишке ашыруу алкагында башталган.

Бишкекте токтоп турган Япониянын радиоактивдүү унаалары эмне болот? - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте токтоп турган Япониянын радиоактивдүү унаалары эмне болот?
Буга байланыштуу "Аламүдүн-1" кичирайонундагы "Түндүк" темир жол бажысында токтоп турган радиациялык фону жогору автоунаа ээлери Мамлекеттик бажы кызматына тез арада кайрылууну өтүнөт.

Дезактивациялоо иштери 20-апрелден тарта, дүйшөмбүдөн жумага чейин жүргүзүлөт. Зыянсыздандырылган радиоактивдүү калдыктар Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан "Автомобильный" материалдык техникалык камсыздандыруу пунктуна жетпеген жерге төгүлөт. Соңунда зыянсыздандырылган унааларды ведомстволор аралык комиссия кароодон өткөрүп, жыйынтык чыгарып берет.

Пландын кийинки этабында автоунаа Борбордук бажы көзөмөл зонасынан текшерүүдөн өтөт.

Кыргызстанга унаалар кайдан келет: машина импортунун тарыхын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0