Велосипед тебүү рактын жана жүрөк ооруланынын алдын алары аныкталды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүПовседневная жизнь
Повседневная жизнь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөө иштери беш жылга созулуп, бул аралыкта окумуштуулар 250 миң адамдын абалына көз салып турган.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Британиянын Глазго шаарындагы окумуштуулар изилдөө жүргүзүп велосипед тебүү адам ден соолугуна жакшы таасир берип, рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын аларын аныкташкан. Бул тууралуу ВВС жазып чыкты 

Эмчек операциясында даярданып жаткан айым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жыл сайын 100 миң аялдын 10у эмчек рагына чалдыгат
Изилдөө иштери беш жылга созулуп, бул аралыкта окумуштуулар 250 миң адамдын абалына көз салып турган. Иликтөөгө катышкандар жумасына 48 чакырым аралыкка велосипед тээп турганы белгилүү болгон.

Изилдөөнүн жүрүшүндө велосипед тээп бараткандагы буттун кыймылдарынан өлүм коркунучу 41 пайызга кыскарса, рак илдетине 45 пайыз жана жүрөк кан тамырлары ооруларына чалдыгуу 46 пайызга чейин азая турганы далилденген.

Мындан сарыткары, окумуштуулар жөө басуу да пайдалуу экенин айтып, жүрөк-кан тамырларына жакшы таасир берерин белгилеген. Мунун натыйжасын көрүү үчүн жумасына жок дегенде тогуз чакырым жөө басып туруу керек.

Бул изилдөөдө тамеки чеккен, тамактануу режимин сактабаган же ашыкча салмактагылар велосипед тебүү менен рактан арылары толук аныкталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0