Дарыгерлер кыргызстандыктарга жүрөк оорулары жөнүндө айтып беришет

© Sputnik / Табылды КадырбековБолезни сердечно-сосудистой системы
Болезни сердечно-сосудистой системы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара Кыргыз кардиологдор коому жана КММАнын терапия кафедрасынын демилгеси менен 5-7-май күндөрү өткөрүлөт.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Кыргызстанда жүрөк оорулары туурасында окутуу күнү өтөт. Бул туурасында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын (КММА) маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара Кыргыз кардиологдор коому жана КММАнын терапия кафедрасынын демилгеси менен 5-7-май күндөрү өткөрүлөт.

Угольное месторождение Кара-Кече - Sputnik Кыргызстан
Дарыгерлер күзгө чейин Ошту кыдырып акысыз кызмат көрсөтөт. Райондордун тизмеси
Медицина илимдеринин доктору, профессор Эркин Миррахимовдун айтымында, өлкөдө жалпы көрсөткүчтүн 50 пайызы жүрөк кан тамыр ооруларынан көз жумат. Айрыкча соңку 10 жылда каза болгондордун саны жаштар арасында өсүп жатканы маалыматта белгиленген.

Акциянын алкагында Бишкек менен Ошто бейтаптарга жана алардын туугандарына сергек жашоо образы туурасында окутуулар жана дарыгерлер үчүн илимий-практикалык конференция өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0