Бишкек — Кара-Балта багыты боюнча 24-апрелден тарта поезд каттамы көбөйөт

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүМосковские вокзалы
Московские вокзалы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кара-Балта — Бишкек автожолу оңдолуп жаткандыктан аталган каттамды ачуу зарылдыгы келип чыккан.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Кара-Балта — Бишкек багыты боюнча 24-апрелден тарта жүргүнчүлөрдү ташыган поезд каттамы көбөйөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эки шаар ортосундагы автожолдун оңдолушу боюнча Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов маалымат жыйын өткөрдү.

"Трасса оңдолуп жаткандыктан эки шаардын ортосунда такай поезд каттайт", — деди Калилов.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын маалымат кызматы поезддин расписаниеси төмөндөгүдөй болорун маалымдады.

  • Бишкек шаарынан биринчи поезд саат 8:30да чыгып, Кара-Балтага 9:56да барат;
  • Экинчи поезд Бишкек шаарынан 12:41де чыгып, Кара-Балтага 14:07де келет;
  • Кара-Балтадан Бишкекти көздөй саат 10:30да чыккан поезд борбор калаага 11:59да келет;
  • Кара-Балтадан экинчи поезд саат 14:45те чыгып, Бишкекке саат 16:18де келет.

Билет баасы чоңдор үчүн 26 сом болсо, балдар үчүн 9 сомдон сатылат.

Азырынча эки шаардын ортосунда эки гана каттам бар.

  • Кара-Балтадан саат 5:30да чыккан поезд, Бишкекке 7:30да келет;
  • Бишкектен саат 17:30да чыккан поезд Кара-Балтага эки сааттан кийин жетет.

Жалпы узундугу 45 чакырымга жеткен автожолду оңдоо иштери башталганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Долбоордун жалпы наркы 70,2 миллион долларды түзөт. Анын 2 миллиону жолду оңдоо учурунда имараттары түрттүрүлүүгө туура келген коммерциялык жактарга жөлөк пул катары төлөнөт.

Оңдоо иштери учурунда трассанын бир тилкеси жол кыймылы үчүн ачык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0