Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Фучик сейил багы менен Жаш Гвардия бульвары толук оңдолуп чыгат

Жазылуу
Нурдин Тынаевдин айтымында, аталган жерлердин жарыктандыруу системаы жаңыланып, эс алуу зонасы менен кинотеатр ачылат.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Юлиус Фучик атындагы сейил бак жана Жаш Гвардия бульвары толугу менен оңдолорун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйын учурунда Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйын учурунда
Аким Ленинского района столицы Нурдин Тынаев - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин Ленин районунун акими Нурдин Тынаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн жыйын учурунда

Анын айтымына караганда, сейил бактагы тротуарлар толугу менен жаңыртылып, балдар аянтчасы, чоңдор үчүн эс алуу зонасы жайгаштырылат. Ошондой эле жаңы отургучтар менен клумбалар пайда болот. Сейил бактын аймагындагы спорттук аянтча калыбына келтирилип, эки коомдук ажаткана менен сейил бакты көзөмөлдөөчү администрациянын имараты жайгашат.

"Буга чейин сейил бакта кинотеатр иштеп келген. Бирок ал мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилип кеткен. Эми кинотеатрды сот аркылуу муниципалдык менчикке өткөрүүнү пландап жатабыз. Ал жерге бий аянтчасы курулушу мүмкүн", — деди аким.

© Фото / Муниципальная администрация мэрии г.Бишкек по Ленинскому районуЮлиус Фучик атындагы сейил багынын жашылдандыруу эскизи
Эскизное предложение по благоустройству и озеленению парка им. Ю. Фучика - Sputnik Кыргызстан
Юлиус Фучик атындагы сейил багынын жашылдандыруу эскизи
Ал ошондой эле Жаш Гвардия бульвары дагы толугу менен реконструкцияланарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0