Аброр Азимовдун үй-бүлөсү журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартууда

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүСанкт-Петербургдун метросундагы жардырууну уюштурууга шектелип кармалгандардын бири Аброр Азимов
Санкт-Петербургдун метросундагы жардырууну уюштурууга шектелип кармалгандардын бири Аброр Азимов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аброр Азимовдун Жалал-Абад шаарындагы кошуналарынын айтымында, анын ата-энеси ажырашып кетип, беш бир тууганды жылгыз бой эне баккан.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Санкт-Петербургдун метросундагы жардырууну уюштурууга шектелип кармалгандардын бири Аброр Азимовдун Жалал-Абад шаарында жашаган энесинин үйүнө Sputnik Кыргызстан агенттигинин жергиликтүү кабарчысы барып, бирок үй бек болгондуктан, эч ким менен байланыша алган эмес.

Задержание одного из организаторов теракта в метро Санкт-Петербурга А. Азимова - Sputnik Кыргызстан
Петербургдагы терактыга шектүү Азимов КР жарандыгынан 2013-жылы чыккан
Үй жайгашкан даректе учурда Аброр Азимовдун энеси Вазирахан аттуу аял жашай турганын аймактык башкаруусунун башчысы Шухрат Бурханов тастыктады.

Кабарчынын айтымында, Азимовдун ошол үйдө чоңойгонун, энеси азыр да жашаарын өзүн Адилет деп тааныштырган кошунасы билдирди.

Коңшулардын айтканына караганда, Азимов беш бир тууган. Атасы менен энеси ажырашып кетип, балдарды энеси жалгыз чоңойткон.

"Атасы Россияга иштегени кетип калган. Аброр дагы Акрам деген бир тууганы менен Россияда иштеп жүрчү. Абрордун апасы Вазирахан балдарын кыйынчылык менен бойго жеткирген. Билишимче Аброр үйүнө көптөн бери келе элек болчу", — деди кошунасы.

Маалыматка караганда, Абрордун мүмкүнчүлүгү чектелген бир кызы бар. Азыр ал кызы менен жубайы Азимовдун энесинин үйүндө жашаары айтылды. Ошондой эле ал үйдө бир туугандарынын дагы келинчектери турары кошумчаланды.

Подозреваемый, который, по оперативным данным, устроил взрыв в петербургском метро (Фотография из аккаунта сети Вконтанте Акбаржона Джалилова 1995 года рождения). - Sputnik Кыргызстан
Жалилов Петербургдагы терактыдан бир нече ай мурун Түркиядан депортацияланган
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы бүгүн дагы барып, үй бек турганын көрдү. Бирок кошуналардын бири үй ээлери кечээ журналисттер кетээри менен үйдөн чыгып кетишкенин айтып берген.

Эске салсак, Аброр Азимов Подмосковьенин Одинцово районунда кармалган.

Россиянын Федералдык кызматынын маалыматы боюнча Азимов Санкт-Петербургдагы метрону жардырган жан кечти Акбаржон Жалиловду даярдоого жоопкер болчу. Москванын Басман соту шейшемби күнү Аброр Азимовду 3-июнга чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0