Ош мэриясы биринчи жолу өз алдынча көп кабаттуу үй кура баштайт

Жазылуу
Бул долбоор үчүн Ош шаарынын Раимбеков жана Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде 88 сотых жер аянты даярдалган.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ош шаарынын мэриясы көп кабаттуу үйлөрдү кура баштайт. Бул туурасында шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Оштогу көп кабаттуу үйдүн чатырына боз үй тигилди. Асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Оштогу көп кабаттуу үйдүн чатырына боз үй "тигилди". Асмандан көрүнүшү
Ага ылайык, бүгүн, 20-апрелде мэриянын турак жай маселелери боюнча атайын байкоочу кеңештин жыйыны өтүп, "Жаңы доор" аталышындагы долбоорду ишке ашыруу жана керектүү документтерди даярдоо боюнча маселелер талкууланды.

Мэриянын алдындагы Жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин директору Кутманалы Абдырахман уулу жалпы республиканын практикасында биринчи жолу Ош шаары өз алдынча турак жай курууну ишке ашыруу алдында турганын белгиледи.

"Шаар мэринин аппараттык кеңешинде бекитилген иш планга ылайык ипотекалык негизде берилүүчү тогуз кабаттуу үйдүн курулуш иштери ушул жылдын июль айларында башталат. Учурда сметалык документтери даярдалууда. 9 кабаттуу турак жай 130 батирден туруп, шаардык муниципалдык менчикке бекитилип берилген 361 батирдин алгачкы төлөмдөрүнөн түшкөн каражаттарынын эсебинен курулат", — деп билдирген Абдырахман уулу.

Бул долбоор үчүн Ош шаарынын Раимбеков жана Кара-Суу көчөлөрүнүн кесилишинде 88 сотых жер аянты даярдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0