20:48 17 Тогуздун айы 2017
Түз эфир
Кайгуул милициясынын кызматкери. Архив

Милиционерди сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголбойт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
142410

18-апрелде милициянын старшинасы жол эрежесин бузган Mazda 6 үлгүсүндөгү машинаны токтоткон. Айдоочу инспектордун айткандарын укпай, жөөлөп сүзүп кеткен. Анын кесепетинен милиционер жаракат алып ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек шаарынан Кайгуул милиция кызматкерин жөөлөп сүзүп кетти деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

18-апрелде милициянын старшинасы жол эрежесин бузган Mazda 6 үлгүсүндөгү машинаны токтоткон. Кайгуул милициясынын маалыматы боюнча 39 жаштагы айдоочу инспекторго орой мамиле кылып, сөгүп, документи алынганына карабай кетүүгө аракет кылган. Милиционер анын жолун тороп, башка инспекторлорду чакырып жардам сураган. Бул учурда айдоочу аны жөөлөп, сүзүп кеткен. Анын кесепетинен милиционер жаракат алып ооруканага жеткирилген.

"Айдоочу кармалып, Биринчи Май РИИБдин тергөө бөлүмүнө берилди. Азыр тергөө амалдары жүрүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

ШИИБдин маалымат кызматы билдиргендей, тергөөчү аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Милициядан толук маалымат материал менен толук таанышкандан кийин берилет деп ишендиришти.

Кайгуул милициясы качан күч колдоно аларын Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Тема боюнча

Айдоочунун милиционерди сүзүп, кайра аны омуроологон учуру видеого түшүп калды
Капотко сүйрөлгөн дагы бир милиционердин видеосу чыкты
Белгилер:
тергөө, жол, Кайгуул милициясы, ШИИБ

ЭҢ МААНИЛҮҮ