Issyk-Kul ITF — 2017 көргөзмөсүнө чет элдик туроператорлор чакырылат

Жазылуу
Иш-чаранын негизги максаты — ар кыл өлкөнүн туризм жаатындагы ишкерлеринин арасында кызматтык байланыш түзүү.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда Issyk-Kul ITF — 2017 жарманкеси өтө турганын Кыргызстандын Соода өнөр жай палатасынан билдиришти.

Иш-чаранын негизги максаты — ар кыл өлкөнүн туризм жаатындагы ишкерлеринин арасында кызматтык байланыш түзүү. Ошондой эле туристтерди Кыргызстанга тартуу жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү болуп эсептелет.

Жарманкени уюштуруп жаткан Кыргызстан курорттор ассоциациянын маалыматына караганда ипподромдун аймагында катышуучулардын презентациялары, сувенирлер жарманкеси жана Issyk-Kul Tourism иш-чарасынын сыйлык тапшыруу аземи өткөрүлөт.

Ошондай эле коноктор "Салбурун" фестивалына күбө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0