БГУнун имаратын тосмо менен тосуу үчүн 4 млн. сомдук тендер жарыяланды

Жазылуу
Тендер 19-апрелде жарыяланып, мөөнөтү 11-майда аяктайт.

БИШКЕК, 20-апр. — Sputnik. Бишкек гуманитардык университети окуу жайдын тегерегин тосуу үчүн тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан окуу жайды тосмо орнотуу үчүн 3 миллион 600 миң сом сарпталат. Талапка ылайык тосмо 10-августка чейин орнотулуп бүтүшү зарыл.

Тендер 19-апрелде жарыяланып, мөөнөтү 11-майда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0