Дача айылындагы авиакырсык: жөлөк пул алуу үчүн документтер толтурулууда

© AP Photo / Vladimir VoroninОбломки самолета Boeing-747 потерпевшего крушение недалеко от аэропорта "Манас"
Обломки самолета Boeing-747 потерпевшего крушение недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Авиакырсыктан каза болгондордун жакындары жана жабыр тарткандар менен мамлекеттик нотариус иштеп жатат.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Дача айылындагы авиакырсыктан каза болгондордун жакындары менен жабыр тарткандар Түркиянын ACT Airlines авиакомпаниясынан жөлөк пул жана материалдык жардам алуу үчүн документтерди толтуруп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жөлөк пул алчу жарандар менен мамлекеттик нотариус иштөөдө.

"Жакын арада Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражат дагы бөлүштүрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

ӨКМдин билдиришинче калктан атайын эсепке 100,5 миллион сом чогулган.

Белгилей кетсек, 16-январда эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алган. Кырсыктын чоо-жайын КМШнын мамлекеттер аралык авиациалык комитети иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0