02:02 13 Бештин айы 2017
Түз эфир
Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган Жеңиш багын отургуз аттуу экологиялык-патриоттук акциясы өттү

Бишкекте кол салууга дуушар болгон ардагер атайын акциянын алкагында бак отургузду

© Фото / пресс-служба КНУ
Коом
Кыскача шилтеме алуу
5421

Ардагер студенттерге жашоосу, аскердеги достору жана фронттогу күндөрү тууралуу айтып берген.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган "Жеңиш багын отургуз" аттуу экологиялык-патриоттук акциясы өттү. Бул тууралуу Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттен билдиришти.

  • Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган Жеңиш багын отургуз аттуу экологиялык-патриоттук акциясы өттү
    Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган "Жеңиш багын отургуз" аттуу экологиялык-патриоттук акциясы өттү
    © Фото / пресс-служба КНУ
  • Аталган иш-чара университеттин Бириккен профсоюздар комитети уюштурган
    Аталган иш-чара университеттин Бириккен профсоюздар комитети уюштурган
    © Фото / пресс-служба КНУ
  • Ага Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Леонид Тузов катышты.
    Ага Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Леонид Тузов катышты.
    © Фото / пресс-служба КНУ
1 / 3
© Фото / пресс-служба КНУ
Бишкек шаарында Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына арналган "Жеңиш багын отургуз" аттуу экологиялык-патриоттук акциясы өттү

Аталган иш-чара университеттин Бириккен профсоюздар комитети уюштурган. Ага Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Леонид Тузов катышты.

Ал университеттин окутуучулары жана студенттери менен жолугуп, согуш жылдары, өз турмушу тууралуу айтып берди. Андан кийин акциянын катышуучулары бакчага "Жеңиш дарагын" отургузушту.

Тузов иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, 13-март күнү 91 жаштагы ардагердин эшигин тыкылдатып кирген аялдар абышкага кол салып, беш орденин, 15 медалын жана 180 миң сомун алып кетишкен. Милиция шектүү катары Чүй облусунда жашаган 45 жана 18 жаштагы эки аялды кармап, алар эки айга камакка алынган

Тема боюнча

Согуштун ардагерине кол салып, тоноп кеткен аялдарга соттун өкүмү чыкты
Согуштун 91 жаштагы ардагерине кол салган аялдар кармалды
Белгилер:
ардагер, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ