03:37 22 Баш оона 2017
Түз эфир
Кыргызстандык окуучулар жаш ойлоп табуучулардын Малайзияда өткөн эл аралык олимпиадасына катышып, байгелүү кайтышты

Кыргызстандык окуучулар ойлоп табуучулардын олимпиадасынан байгелүү кайтты

© Фото / пресс-служба образовательного учреждения "Сапат"
Коом
Кыскача шилтеме алуу
29220

Аталган олимпиадага 12 өлкөдөн келген 300 окуучу 185 илимий долбоору менен катышкан.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар жаш ойлоп табуучулардын Малайзияда өткөн эл аралык олимпиадасына катышып, байгелүү кайтышты. Бул тууралуу эл аралык "Сапат" билим берүү мекемесинин маалымат кызматы билдирди.

  • Кыргызстандык окуучулар жаш ойлоп табуучулардын Малайзияда өткөн эл аралык олимпиадасына катышып, байгелүү кайтышты
    Кыргызстандык окуучулар жаш ойлоп табуучулардын Малайзияда өткөн эл аралык олимпиадасына катышып, байгелүү кайтышты
    © Фото / пресс-служба образовательного учреждения "Сапат"
  • Аталган олимпиадада Кадамжайдагы Семетей лицейинин жана Эл аралык Силк Роуд мектебинин окуучулары өлкө намысын коргогон
    Аталган олимпиадада Кадамжайдагы "Семетей" лицейинин жана Эл аралык "Силк Роуд" мектебинин окуучулары өлкө намысын коргогон
    © Фото / пресс-служба образовательного учреждения "Сапат"
  • Жыйынтыгында Семетейдин окуучулары Тамакта колдонуучу туздун составында йоддун жетишсиздиги долбоору менен күмүш байгени утса, Казан көөсүнөн туруктуу электр тогун алуу долбоору коло медалга татыган.
    Жыйынтыгында "Семетейдин" окуучулары "Тамакта колдонуучу туздун составында йоддун жетишсиздиги" долбоору менен күмүш байгени утса, "Казан көөсүнөн туруктуу электр тогун алуу" долбоору коло медалга татыган.
    © Фото / пресс-служба образовательного учреждения "Сапат"
1 / 3
© Фото / пресс-служба образовательного учреждения "Сапат"
Кыргызстандык окуучулар жаш ойлоп табуучулардын Малайзияда өткөн эл аралык олимпиадасына катышып, байгелүү кайтышты

Аталган олимпиадада Кадамжайдагы "Семетей" лицейинин жана Эл аралык "Силк Роуд" мектебинин окуучулары өлкө намысын коргогон. Жыйынтыгында "Семетейдин" окуучулары "Тамакта колдонуучу туздун составында йоддун жетишсиздиги" долбоору менен күмүш байгени утса, "Казан көөсүнөн туруктуу электр тогун алуу" долбоору коло медалга татыган.

Ошондой эле Эл аралык "Силк Роуд" мектебинин окуучулары биотехнология категориясынан "Акчалардын үстүндөгү бактериялар" долбоору менен 2-орунду ээледи. Аталган олимпиадага 12 өлкөдөн келген 300 окуучу 185 илимий долбоору менен катышкан.

Эл аралык олимпиада илимге кызыккан балдардын ойлоп табуучулук жөндөмүн өстүрүү жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен бөлүшүү үчүн жыл сайын өткөрүлөт.

Олимпиаданын негизги максаты илимий-техникалык билимди жайылтуу жана жаңы технологияларды колдонуу менен адамдын жашоосун жеңилдетүүгө багытталган.

Тема боюнча

Медакадемиянын студенттери Россияда өткөн олимпиадада мыкты аталды
Медакадемия студенттери Алматыдагы олимпиадада биринчи орунду ээлешти
Белгилер:
мектеп, окуучулар, илим, олимпиада, "Сапат" билим берүү мекемеси

ЭҢ МААНИЛҮҮ