Трансформер-бешик жасаган уста: кыргыздар да заказ бере башташты

© Фото / Нұрсұлтан АкжолБешик-трансформердин ойлоп табуучусу, Казакстандын жараны Пернибек Ахматов
Бешик-трансформердин ойлоп табуучусу, Казакстандын жараны Пернибек Ахматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Казакстандын социалдык түйүндөрүндө заматта куралып, кайра жыйналган бешиктин видеосу көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жатат. Анын ойлоп табуучусу Тараздын кулуну – Пернибек Ахметов учурда Алматы шаарында жашайт.

БИШКЕК, 19-апр. — Sputnik. Жакында эле чыккан трансформер-бешик кыргыз жана казак интернетин жарып, роликке кызыккан колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө.

© Фото / Нұрсұлтан АкжолЖакында эле чыккан трансформер-бешик кыргыз жана казак интернетин жарып, роликке кызыккан колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө
Жакында эле чыккан трансформер-бешик кыргыз жана казак интернетин жарып, роликке кызыккан колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө - Sputnik Кыргызстан
1/3
Жакында эле чыккан трансформер-бешик кыргыз жана казак интернетин жарып, роликке кызыккан колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө
© Фото / Нұрсұлтан АкжолБул буюмдун автору Тараздан чыккан уста Пернибек Ахматов болуп чыкты, азыр ал Алматы шаарында жашайт
Бул буюмдун автору Тараздан чыккан уста Пернибек Ахматов болуп чыкты, азыр ал Алматы шаарында жашайт - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул буюмдун автору Тараздан чыккан уста Пернибек Ахматов болуп чыкты, азыр ал Алматы шаарында жашайт
© Фото / Нұрсұлтан АкжолБиринчи жолу Пернибек Ахметов өзүнүн ойлоп табуусун 2014-жылы патенттегенге жетишкен.
Биринчи жолу Пернибек Ахметов өзүнүн ойлоп табуусун 2014-жылы патенттегенге жетишкен. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Биринчи жолу Пернибек Ахметов өзүнүн ойлоп табуусун 2014-жылы патенттегенге жетишкен.
1/3
Жакында эле чыккан трансформер-бешик кыргыз жана казак интернетин жарып, роликке кызыккан колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө
2/3
Бул буюмдун автору Тараздан чыккан уста Пернибек Ахматов болуп чыкты, азыр ал Алматы шаарында жашайт
3/3
Биринчи жолу Пернибек Ахметов өзүнүн ойлоп табуусун 2014-жылы патенттегенге жетишкен.

Бул буюмдун автору Тараздан чыккан уста Пернибек Ахматов болуп чыкты, азыр ал Алматы шаарында жашайт. Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы ойлоп табуучу менен байланышып, кененирээк маалымат алды.

Биринчи жолу Пернибек Ахметов өзүнүн ойлоп табуусун 2014-жылы патенттегенге жетишкен.

"Бир жолу менин профессор таанышым памперс баланын ден-соолугу үчүн зыян экенин айтып калды Неберелеримдин саламаттыгын ойлоп, салттык буюмду заманбап буюмга айландырууну чечтим. Бул бешик табигый таза жыгачтан даярдалып, баланын омурткасына зыя тийгизбейт. Дал ушул себептен бешик азыркы күнгө чейин сакталып, ар бир үйдө жогору бааланат", — деди Ахметов.

Устанын айтымында, азыр балдарга арналган түрдүү дизайндагы манеждер бар. Бирок аларды жылдыруу кыйын, үйдүн ичинде да көп орунду ээлейт. Ал эми жаңы саамалыкты адам өзү менен алып жүрө алат.

Кыргыз бешиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алдей, алдей... Баланы бешикке бөлөөнүн пайдасы менен зыяны
"Бешик кайыңдын жыгачынан жасалып, айрым учурда кийилме такталар колдонулат. Бир бешикти 2-3 күндө жасап коем. Негизги конструкциясы ири үч ири жыгачтан турат. Алар четинен шаймандар менен бекитилет. Бешикти өзү менен кошо алып жүрүү үчүн сатып алгандарга кийизден жасалган кол баштык кошо берилет", — деп белгиледи Ахматов.

Казакстандык ойлоп табуучунун буюмуна кызыккандар Казакстанда гана эмес, Кыргызстандан дагы пайда боло баштады. Уста азырынча алардын саны азыраак болгону менен кийин көбөйөт деген ойдо.

Бул Ахметов жасаган жалгыз ачылыш эмес. Буга чейин электр энергиясы менен ойногон домбураны чыгарган. Ал бардык жетишкендиктерин Казакстанда өтө турган ЕХРО көргөзмөсүнө чыгармакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0