Бишкек шаарындагы бир катар маршруткалардын каттамы өзгөрдү

© Sputnik / Табылды КадырбековАялдамадагы жүргүнчүлөр. Архив
Аялдамадагы жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкыга пландалган жолдордун аң-чөнөгүн оңдоо иштерин Жол чарба департаменти 15-майга чейин аяктарын билдирген болчу.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Бишкек шаарындагы айрым көчөлөр оңдолуп жаткандыктан бир катар троллейбус жана маршруттук таксилердин каттамы убактылуу өзгөргөнүн мэриядан билдиришти.

Тыналиев көчөсүнүн Ахунбаев жана Масалиев (Түштүк магистраль) көчөсүндө чейинки бөлүгүндөгү жол кыймылга 19-апрелден тарта өзгөртүү киргизилет.

"№5 жана №14 каттамдагы троллейбустар Айтматов проспектиси аркылуу №1 калкты тейлөө борборунун (Аэрофлот агенттиги) аймагына барып токтойт. Ошондой эле №100, 101, 107, 118, 130, 147, 159, 170, 188, 202, 203, 264 маршруттук таксилер Ахунбаевден Садырбаев (мурдагы Бах) көчөсүнө чейин барып, жогору көздөй жүрөт", — деп айтылат маалыматта.

Тыналиев көчөсү оңдолгондон кийин жол кыймылы мурдагы калыбына келет. Быйылкыга пландалган жолдордун аң-чөнөгүн оңдоо иштерин Жол чарба департаменти 15-майга чейин аяктарын билдирген болчу. 

Жаңылыктар түрмөгү
0