Депутат Исхак Масалиевдин апасы каза болду

Жазылуу
Анын сөөгү бүгүн Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилет.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин апасы Хайрыхан Козубаева 17-апрелде каза болду. Бул тууралуу аталган фракциядан билдиришти.

Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин I катчысы Апсамат Масалиевдин жубайы Хайрыхан Козубаева 78 жаш курагында көз жумду.

Маалыматка ылайык, маркум бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0