БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. WhatsApp мобилдик тиркемесинин жаратуучулары жакында колдонуучуларын жаңы функция менен кубандыра турганын британиялык The Independent басылмасы жазды.
Маалыматка караганда жаңы кызмат колдонуучунун WhatsApp мессенжерине мурда катталган номерин алмаштырган кезде башкаларга жаңы номери тууралуу маалымат берет. Башкача айтканда, кимдир-бирөө номерин алмаштырганы боюнча аны менен байланыштуу колдонуучулардын баары билдирүү алат.
Жаратуучулардын айтымында, башкалардын номери өзгөргөнү жөнүндө маалымат алгысы келбегендер бул кызматты өчүрүп койсо болот.
Ошондой эле жазылган текстти редакциялоо мүмкүнчүлүгү дагы пайда боло турганы айтылды. Мисалы, жазып бүткөн текстте сөздөрдүн алдын сызып же карартып койсо болот.
WhatsApp beta for Android 2.17.148: new font shortcuts. pic.twitter.com/BLrHQ3dtX0
— WABetaInfo (@WABetaInfo) 13 апреля 2017 г.
Бул кызматтар азыр текшерүүдөн өтүп жатканы менен качан колдонууга берилери айтылган жок.