Аймактагы финансисттер Нарындан билимин тереңдетмей болду

Жазылуу
Нарын шаарында 40 райондон чогулган финансисттерди Финансы министрлигинин адистери окутат.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Өлкө аймагындагы финансисттер үчүн мамлекеттик каражатты пайдалануу боюнча эки күндүк атайын окуу башталды. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиги билдирди.

Ош шаарынын төрөт үйүнүн дарыгерлерине түркиялык адистер ымыркайлардын угуусун текшерүүнү үйрөттү - Sputnik Кыргызстан
Ош шаарынын дарыгерлери ымыркайлардын угуусун текшерүүнү үйрөнүштү
Малыматка ылайык, иш-чара 18-19-апрелге белгиленип, Нарын шаарына 40 райондун финансисттери келди. Аймактардан келген кызматкерлердин кесиптик дараметин Финансы министрлигинин борбордук казынасынын адистери жогорулатат. Анда ошондой тажрыйба алмашуу үчүн айыл өкмөттөрдө да көчмө сессиялар өтмөкчү.

Уюштуруучулар аталган иш-чараны айыл жериндеги адистердин кесипкөйлүгүн арттыруу максатында уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0