"Ала-Тоо" аянтындагы Тез татым кафесинен чыккан өрт өчүрүлдү

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуӨрт өчүрүү кызматкерлери "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан кафедеги өрттү өчүрүүдө
Өрт өчүрүү кызматкерлери Ала-Тоо аянтында жайгашкан кафедеги өрттү өчүрүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тилсиз жоону өчүрүүгө өрткө каршы кызматынын бир унаа тартылган.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтында жайгашкан кафеден чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 18:10до "Ала-Тоо" аянтындагы тез татымда өрт чыккандыгы кабарланып, Өрт өчүрүү кызматына чакыруу түшкөн. Кырсык болгон жерге бир унаа тартылып, окуя болгон жерге эки мүнөттөн соң келген.

Учурда кырсыктын себептери жана өрттөнгөн жердин аянты такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0