Баткенде тажикстандыктардын катышуусунда спорттук иш-чара өттү

Жазылуу
Спорттук саамалык чек арадагы чыр-чатактарды алдын алууга максаттында уюштурулган.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Баткенде Тажикстан менен Кыргызстандын мамилесин жакшыртууга аракет кылган спорттук иш-чара өткөндүгүн өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Смотровая вышка на границе Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр башталды
Маалыматка ылайык,  эки элдин ынтымагын бекемдөөгө жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алууга багытталган иш-чара Баткен районунун Көк-Таш айылында болду. Ага коңшу Исфара районунун Чорку айылдык кеңешинин жамааты менен Исфара райондук ИИБдин кызматкерлери келишкен.

Анда катышуучулар футбол жана волейбол боюнча күч сынашып, катышкан командалар тажик кыргыз жарандары болуп аралаш түзүлгөн.

Саамалык Баткен облустук ички иштер башкармалыгын тарабынан демилгеленип, чек арадагы чыр-чатактарды алдын алуу максатында уюштурулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0