Террорчулукка үндөгөндөрдүн Кыргызстанга тиешеси бар-жогу такталууда

© AP Photo / Tsvangirayi MukwazhiКамалган адамдын колу. Архив
Камалган адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар камалгандардын арасында Кыргызстанда туулган жаран да болгонун жазган.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргыз элчилиги Санкт-Петербургда террордук иштерге үгүттөөгө шектелип кармалгандардын аты-жөнүн жана жарандыгын тактап жатат.

РИА Новости ишемби күнү Петербургдун Октябрь райондук соту тарабынан террордук топторго азгырууга шектелип эки жаран камакка алынганын билдирген. Буга чейин да ушундай шек менен сегиз адам кармалган болчу.

Айрым ЖМКлар камалгандардын арасында Кыргызстанда туулган жаран да бар экенин жазып чыгышкан.

Подозреваемый, который, по оперативным данным, устроил взрыв в петербургском метро (Фотография из аккаунта сети Вконтанте Акбаржона Джалилова 1995 года рождения). - Sputnik Кыргызстан
Жалилов Петербургдагы терактыдан бир нече ай мурун Түркиядан депортацияланган
Тергөөнүн маалыматы боюнча кармалгандар 2015-жылдын ноябрь айынан бери Петербургда адамдарды террордук багыттагы иштерге үгүттөп келишкен. Алар Россияда тыюу салынган "Жебхат-ан-Нусра" жана "Ислам мамлекети" уюмдарына азгырган деп айыпталууда. Камакка алынгандардын 3-апрелде метродо жасалган терактыга тиешеси бар-жогу туурасында азырынча маалымат жок.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Санкт-Петербургда террордук топторго үгүттөөгө шектелип кармалгандардын аты-жөнүн жана жарандыгын тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0