Окумуштуулар смартфондор балага кандай зыян алып келээрин изилдеп чыгышты

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүФинал Всероссийского конкурса "Юная российская красавица 2017"
Финал Всероссийского конкурса Юная российская красавица 2017 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лондондун Биркбек университетинин окумуштуулары ата-энелер арасында онлайн сурамжылоо жүргүзгөн.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Окумуштуулар планшет менен смартфондор балага кандай зыян алып келээрин изилдеп чыгышты. Бул туурлауу РИА Новости Scientific Reports журналына таянуу менен жазып чыкты. 

Ага ылайык, планшет менен смартфондорду көп колдонгон балдардын уйкусу кыскараары аныкталды.

"Профессор Тим Смит баштаган Лондондун Биркбек университетинин окумуштуулары ата-энелер арасында онлайн сурамжылоо жүргүзүп, бөбөктөрү канча саат уктай тургандыгын аныкташкан. Ага катышкандардын 70 пайызынын үйүндө смартфондор болгон. Жыйынтыгында, 6 айдан 11 айга чейинки бөбөктөрдүн 51 пайызы, эки жаштан үч жашка чейинкилердин 92 пайызы смартфон колдоноору аныкталган. Ошентип смартфон көп колдонгон наристелердин уйкусу начарлап, түндө укташы кыйын болоору белгилүү болгон", — деп жазылат маалыматта.

Иликтөөгө ылайык, бир саат смартфон колдонуу балдардын 15,6 мүнөт уйкусун кыскартат.

Жаңылыктар түрмөгү
0