ДНК тест АКШлык жубайлардын эгиз бир тууган экенин аныктады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНовосибирский центр крови
Новосибирский центр крови - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз менен жигит бардык жагынан бири-бирине окшош болгондуктан, ортолорунда жактыруу сезими пайда болгон.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. АКШда аялы менен күйөөсү эгиз экенин ДНК-тесттин жыйынтыгынан улам билип калышты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты. 

Дарыгерлер жубайлардын атын атоодон баш тарткан.

День святого Валентина в Никарагуа - Sputnik Кыргызстан
Биологдор аялдардын жашы өткөн сайын эмнеге боюна бүтпөй каларын аныкташты
Бул таң калычтуу окуя Американын Миссисипи штатында болду. Жубайлар балалуу боло албай жүргөндүктөн, дарыгерге кайрылышкан. Качан гана ооруканадан анализ тапшыруу маалында ДНК-тесттин жыйынтыгы менен түгөйлөр кичине кезинде бири-биринен ажырап калган эгиздер экени белгилүү болгон.

Сайттагы маалыматка караганда алардын ата-энеси унаа кырсыгынан каза болгон. Наристелер балдар үйүнө түшүп, аларды эки башка үй-бүлө багып алган. Кийин алар колледжден таанышып, бири-бирин жактырып калышкан.

"Экөө бардык жагынан бири-бирине окшош болгондуктан, ортолорунда жактыруу сезими пайда болгон. Эгер чындыкты билгенде учурда башынан өткөрүп жаткан азапты чегишпейт эле", — деди жубайлардын эгиз экенин ДНК аркылуу аныктаган дарыгер.

Миссисипи штатында бир туугандардын баш кошуусуна тыюу салып, мындай жолго баргандарды он жылга чейин эркинен ажыратуучу мыйзам иштейт. Бирок аталган жубайлардын өзгөчө окуясы эске алынып, кылмыш жазасына тартылбай турганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0