Төө-Ашууда түшкөн кар көчкү тазаланып, жол толугу менен ачылды

© Фото / пресс-служба МЧС КРПринудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош
Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу саат 11.00дө бардык автоунааларга чектөө киргизилген.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Бишкек — Ош унаа жолунда каттамдар калыбына келтирилгенин ӨКМден кабарлашты.

Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган маршрутка жол кырсыгына кабылып, оодарылып калган - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жүргүнчү ташыган маршрутка кырсыктап, оодарылып калды
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Төө-Ашууда эки жерден кар көчкү түшүп, жолду бөгөп калган. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу саат 11.00дө каттамдагы бардык автоунааларга чектөө киргизилген.

Маалыматка ылайык, Бишкек — Ош унаа жолунун 122-чакырмында 2400 метр куб, 123-чакырымында 1400 метр куб көлөмдөгү кар көчкү түшкөн.

Жол тейлөө ишканасынан үч техника тартылып, жол толугу менен тазаланып бүткөн соң, каттамдарга коюлган чектөө алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0