Ала жипти аттаганын досторуна айтсын! Чач тарачтын айласын кетирген 8 көрүнүш

© Sputnik / Александр Уткин / Медиабанкка өтүүДень прощания со школой московской выпускницы Кати Мироновой
День прощания со школой московской выпускницы Кати Мироновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыкты тегизделген, көз кубанткан чач жасалгасын кааласаңыз, чач тарачтын жинине тийбей эле койгонуңуз жакшы. Ал эми анын кыжырын эмнелер келтирет? Sputnik Кыргызстан агенттиги сураштырып көрдү.

Кой оозунан чөп албаган чач тарачтын жинине кандай кардарлар тиерин бишкектик чач кыркып иштеген мекендешибиз айтып берди.

Бишкекте сулуулук салонун кантип ачса болот. Кеп-кеңештер - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте сулуулук салонун кантип ачса болот. Кеп-кеңештер
Төмөндө кечигүүлөр жөнүндө жазган жокпуз. Бул кызмат көрсөтүү жаатындагы ар бир кызматкердин ачуусун келтирээри айтпаса дагы белгилүү.

1. Айтканынан кайтпагандар. Мен адис катары кардарга анын чачын эмнеге карэ кылып кесүүгө же кызылга боёого болбостугун түшүндүрүп берем. Бирок, айрымдарга өзү каалагандай кесилген чач ага жарашпай калаарын айта берип, эч бир жеткире албайсың. Жыйынтыгында өзүн күзгүдөн көргөн аялдын маанайы чөгөт, ыйлап да алгандар болот.

2. Интимдик жашоосун жар салгандар. Аялы менен балдары ай сайын биздин салонго келип чач кестирээри менен иши жок айрым эркектер "жеке" жашоосун айтып, мактанганды жакшы көрүшөт. Урматтуу мырзалар, уялсаңар боло! Ала жипти аттаганыңарды жүз граммдап ууртап-татып, досторуңар менен отурганда сүйлөшкүлө да.

3. Сизде эле телефон болсо да. Дагы бир сураныч — сулуулук салонуна кирген соң, чөнтөк телефонду алысыраак коюп коюңузчу. Чач тегиздөө, жасалгалоо дагы өзүнчө эргүүнү, берилүүнү талап кылат. А сиз орто жерден чалгандар жооп берем деп берилип иштеп жаткан чач тарачтын ишин үзгүлтүккө учуратасыз. Убактысын да аласыз.

Свадебная пара в парке в Праге - Sputnik Кыргызстан
Фотографтын жанын кашайткан 7 учур
4. Ишке кийлигишкендер. Апа, эже-сиңди, курбу сыяктуу кеңешчилер тобун чууртуп ээрчитип албай, үйдө эле калтырганыңыз жакшы. "Бул жагын оңдоп коюңуз," "тигил жагын кыскартыңыз", "жарашпай калды" деген сыяктуу акылдуу сөздөргө чач тарач муктаж эмес.

5. Чач тарач психолог эмес. Бир нече күн бою үйдөн чыкпай, буулуккан үй кожойкелеринин эсине! Жолдошуңуз түндө саат канчада келеринен баштап, ымыркайыңыздын шымын булгап коёору тууралуу сүйлөшүүгө курбулар бар. Мунун баарын өтө сырдаш эмес же сый мамиледе болбогон адамга айтып берүүнүн зарылдыгы жок.

6. Голливудду эңсегендер. Чач тарач бир эле кайчы менен сизди Анжелина Жоли же Брэд Питтке айланта албайт. Атактуунун сүрөтүн көрсөтүп, мастерден дал ошондой чач жасалгасын талап кылуу дагы жаңылыштык. Анткени дүйнөлүк атактуулардын кызыл, саргыч, ал  тургай күлгүн кызылга боелгон тармал чачтары баарына эле жараша бербейт. Чачты кестирип же боёотууда өзүңүздүн жашоо образыңызга жакыныраак болгон оң деген кеңеш берээр элек.

7. Чач тарачтар көп сүйлөйт деген жаңылыштык. Биз көп жылдан бери иштеп жүрүп, кардардын ички абалын алыстан көрүүгө үйрөнгөнбүз. Сүйлөшүп, көңүлүн көтөрүүгө ким муктаж болуп жатканын жакшы билебиз. Андыктан өзүңүз кааламайынча, сизди эч ким кыстап кепке тартпайт.

Электроника дүкөнүндөгү сатуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Электроника буюмдарын саткан соодагердин жинин келтирген учурлар
8. Ордунда тынч отура албагандар. Албетте өз келбетиңизге катуу көңүл бурасыз, ашыкча чач кесилип кетпеши сиз үчүн абдан маанилүү, мунун баарын жакшы түнүшөм. Бирок, баарын көзөмөлдөп турууга аракет кылып, ары-бери көп каранган адамдар чач кесүү процессине абдан тоскоол болот. Күтүүсүз кыймыл учурунда кайчы капысынан чачтын көбүрөөк жерин, андан да жаманы моюн, кежигеңизди кесип кетиши мүмкүн.

Эң жакшы жолу — атайын келген соң, чач тарачка ишенип, тыпырайып отуруп бериңиз. Баары ойдогудай болот!

Жаңылыктар түрмөгү
0